Вице чемпион — Урмат: Көчмөндөр оюнуна курулушта иштеп жүрүп эле бардым

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы кыргыз күрөшү боюнча 60кг салмакта Нарынбеков Урмат күмүш байгени багындырды. Ал ушул күндөрү өтүп жаткан мелдеште Чүй облусунан чыккан балбан менен беттешип, таза жеңишке жетти. Оюндун экинчи айлампасында Баткендик балбанды 4:3 эсебинде утуп алды. Оюндун үчүнчү бөлүгүндө Ысык-Көл облусунун өкүлүн 5:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, финалдык беттешке багыт алды. Чемпиондук наам үчүн Жалал-Абад облусунун балбанына кез келип тилекке каршы жеңилүү ызасын тартты.
Эске салсак, ал буга чейин райондун, облустун жеңүүчүсү аталып, Улуттук көчмөндөр оюндарына жолдомо утуп алган.

Тактап айтканда, жалпысынан Ак-Талаа районунун намысын коргоп улуттук көчмөндөр оюндарына үч балбан күч сынашкан. Бообеков Кубат 66кг салмагында жеңилүү ызасын тартса, ал эми Кадырбеков Урмат 55кг салмакта коло байге үчүн күч сынашып, тилекке каршы кол жууп калды.

Балбандарыбыздын белине күч кубат, ар дайым эл жердин намысын коргоп жүрө беришин тилейбиз.


Даярдаган: Маратбек уулу Бекбосун