«Ак-Талаа биримдиги» тууралуу маалымат. Самат Асаналиев.

Асаналиев Самат Асаналиевич. 1987-жылы 11-июньда Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 1994-жылы Баетов айылындагы Кара-Суу орто мектебине 1- классына кирип, ошол эле орто мектепти 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мектеп парламентинде Президент болуп коомдук иштерде активдүү катышып келген.

  • 2005-жылдан тартып Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, “Мекеменин экономикасы жана башкаруусу” адистиги боюнча Экономист-менеджер квалификациясына ээ болуп, 2010- жылы бул жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Коомдук иштерде активдүү катышып, студенттер кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
  • 2012-жылдын сентябрь айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук жогорку окуу жайында квалификацияны жогорулатуу жана тынымсыз билим алуу борборунда “Юриспруденция” кесиби боюнча “юрист” квалификациясынын жогорку билиминин ээси.
  • 2011-жылы 24-январында Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациясынын Билим берүү борборуна “экономист” болуп жумушка кабыл алынган. Ушул эле мекемеде тендер боюнча негизги адистик жумушун 2013 жылдын январь айына чейин кошумча аткарып келдген.
  • 2013-жылдын 8-январынан тартып ушул эле мекемеде экономика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2013-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарына караштуу Свердлов районун финансы бөлүмунүн адиси, 2014-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун финансы болумунун башкы адиси, ошол эле жылдын октябрь айынан тартып ОсОО “Аза унверсал компани” фирмасында финансы директору, 2016-жылдын ноябрь айынан тартып Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башакармалыгынын жетектоочу адиси жана ошол эле мекеменини бөлүм башчысы болуп 2017-жылдын февраль айынан тартып иштеп келе жатат.
  • Кыргыз Мамлекетинин Илим жана билим министирлигинин “Новой системы оплаты труда в образовании” сертификатынын жана Финансы министирлигинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча терендетилген окуу боюнча сертификат ээси.
  • Дзюдо, самбо, согуштук самбо жана эрежесиз уруштарда көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерге катышып байгелүү орундарга жетишкен. Эркин күрөш боюнча 1- катардын ээси.
  • Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

«Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы.