Чолок-Кайын айылы

Ушул жерлерде кайсы бир заманда Хан Шырдакбек жашап откон.

1996-ж Ленин айыл өкмөтү түзүлүп , элдин каалоосу менен 2002-ж  Жерге-Тал айыл өкмөтү болуп өзгөртүлгөн.. Кийин айыл округ  болуп аталды.

Жерге-Тал айыл округу Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарынан турат. Борбору Чолок-Кайың айылы. Айыл округунда 551 түтүндө 2833 адам  жашайт. Баетовдон 65, Нарындан 185, Балыкчы темир жол бекетинен 375, Бишкектен 500 чакырым аралыкта  жайгашкан.  Айыл 1931-жылы негизделген 35 миң гектардан ашуун жайыт жери , 1561 га суу баскан айдоо аянты бар.

Айыл округунда  1 мектеп( Б.Календеров ат), 1 айылдык төрөт үйү, 1 УДБ,  1 китепкана , 3 тегирмен, пилорама, токардык станок, трактор комбайндардын аппаратын ремонттоочу станок эл үчүн кызмат кылат. Чолок-Кайын айылында 1906-жылы Калпа атанын Анжиян тараптан төөгө жүктөп келип отургузган айтылуу алма бактары чоң коргону менен, кийин кеңейтилген 5 га   алма бак аянты бар.

Бул айылда СССРдин спорт чебери, К.Р эмгек сиңирген машыктыруучусу КАСМАЛИЕВ КАЙБЫЛДА чонойгон.

1931-ж Чолок- Кайың, Бел-Кырчын жана Жерге-Тал деген майда чарбалар түзүлүп,  аларга Айдаров Солпу, Барданаев Карыбек, Казыбаев Исмаил башкарма болушкан. 1941-ж “Чолок-Кайың”, “Бел-Кырчын” колхоздору кошулуп, “Осоавиахим” колхозу деп аталган. 1941-1950-ж.ж. колхозду Исмаилов Касымалы, Абдраимов Иманалы, Матаев Эшназар, Шерманбетов Шаршеналы,  Байсаяков Артыктар башкарышкан. Бул жылдары “Жерге-Тал” колхозун Атаканов Жусу, Турдуманбетов Сыдык, Курманов Таштанкул, Курманбеков Исабек, Төрөгелдиев Бекжан башкарган.

1950-ж Совет өкмөтүнүн “чарбаларды ирилештирүү” токтомуна ылайык “Осоавиахим” колхозуна  “Жерге-Тал” колхозу кошулуп бир колхоз болушкан, 1950-1958-ж.ж. колхозго башкарма болушуп; Төрөгелдиев Бекжан, Абдраимов Абдылдабек, Ибраимов Макеил, Байсаяков Артыктар иштешкен. Колхоздун алгачкы пайдубалын түзүүдө көптөгөн адамдар ак ниет эмгектерин өтөшкөн. Элден чогултулган койлорду Үсөналиев Шери, Жамакеев Турдалы, Найманов Бектурган, Бечелов Бекмат, Мурсалиев Байөмүрлөр, жылкыларды – Тоокеев Ормоке, Сейдалиев Акмат, уйларды – Буйлашов Жусуп, Токтогулов Керимдер багышкан. 1948-ж карамагындагы 51 бээден 51 кулун толдотуп, аман асыраган жылкычы Тоокеев Ормоке “ Социалисттик эмгектин Баатыры” наамын алган. 1956-ж ар 100 тубар койдон 124 тон козу толдоткон койчу Жамакеев Турдалы  “ Кыргыз ССР инин мал  өстүрүүчү устаты” наамын алган. Ленин ордени менен Байсаяков Артык, Сейдалиев Акматтар сыйланышкан.

1958-ж “Осоавиахим” колхозуна, “Коңорчок” колхозу кошулуп, Ленин атындагы колхозу болуп  аталган. Башкарма болуп райондон Берикбаев Кулубай келген. Орун басары болуп Ашырбеков Муса дайындалган. Колхозго азыркы айыл өкмөттүн кеңсеси, ошол көчөдөгү турак үйлөр курулган. Ошондой эле орто мектептин имараты курулуп, Коңорчоктогу Молотов ат орто мектеби көчүрүлүп, Ленин ат.№ 1 орто мектеп болуп аталган, мектепке директор болуп Кожекова Үпөл келген.

Кашка-Суу көлү. Ак-Талаанын эн кооз жерлеринин бири.

Ленин колхозуна башкарма болгондор:

  • 1960-1963-ж.ж.- Искендерова Манар.
  • 1963-1966-ж.ж.-Асанбеков Байсогур.
  • 1966-1968-ж.ж – Шайнаев Теңирберди.
  • 1968-1971-ж.ж. –Алашов Калмурза.
  • 1971-1976-ж.ж –Акуналиев Аскарбек.
  • 1976-1987-ж.ж. –Карасартов Эсенгул.
  • 1987-1992-ж.ж. – Жыргалбеков Карабай.

1960-1990-ж.ж. Союздун айыл-чарба тармагын өнүктүрүү иштерине айрыкча көңүл бурулуп, 5 жылдык план-тапшырмалар бекитилип, социалисттик мелдештин кулачы кеңири жайылтылып, малдын башын көбөйтүү милдеттер коюлган. Бул мезгилдерде Ленин ордени менен;-Шерманбетов Акуналы, Октябрь Революциясы ордени менен Ибраимова Булакан, Эмгек Кызыл Туу ордени менен Кожалиев Болбур, Чөдөнов Искендер, Ибраимов Макеил, Болбуров Жунусбек, Кудакеев Нусупалы, Ормокеев Исраил, Максүтова Гүлсейре, Садыкова Курманбү, Турдубекова  Жыргал, Мамакеев Алманбет, Мусаев Медеткандар,  Ардак белгиси ордени менен Кожоманбетов Сакен, Сатындиев Макеш, Кыдыралиева Кенжекан, Курманалиев Медет, Акимбаев Токтобайлар сыйланышкан. Чабан Бабыгулов Сары –Республиканын кой чарбасына эмгек сиңирген мастери болгон. Көптөгөн эмгек алдынкылары сыйлыкка жеңил автомашиналарды алышкан.

Ленин ат.колхозуна ыйгарылган Кыргызстан КП Нарын обкомунун,обл.Советтин аткаруу комитетинин, облсовпрофтун жана комсомолдун обл.комитетинин өтмө Кызыл Туулары жана Республиканын сыйлыктарын  алышкан.

Колхозго Жыргалбеков Карабай башкарма болгон мезгилинде Эки-Чат жана Көк-Сай жайлоолоруна электр чубалгысы тартылып, кой кыркуу пункттары иштетилген. Ошону менен бирге колхоздун бээлери электр кубаты аркылуу автоматтык түрдө саалып, кымыз бутылкага куюлуп сатылган.

1992-жылы баштап Республикадагы кирешелүү эмес колхоз-совхоздорду, дыйкан чарбаларга таратуу жөнүндө демилге көтөрүлөндө кирешелүү эмес деп эсептелген Ленин ат.колхозду башкарма Жыргалбеков Карабай  дыйкан чарбаларга тараткан. 1-Январь 1992-ж. карата колхоздун карамагында  50000  баш кой, анын ичинен тубары 25000 баш,1050  баш жылкы, а.и. тубар бээ 300 , 900 баш ири мүйүздүү  мал, а.и. тубары 250 баш уй болгон. Колхоздун бардык мүчөлөрүнө жана алардын жаңы төрөлгөн балдарынан баштап үй-бүлөө мүчөлөрүнүн ар бирине үлүшкө делинип; 17 баштан  кой, мингич аттар жана короо-сарайлар таратылган.1992-1996-ж.ж.–Жыргалбеков Карабай, 1996-ж –Кожоманбетов Табылды –Ленин ат. Дыйкан чарба бирикмесинин жетекчиси болушкан

1996-ж дыйкан чарба бирикмелеринин ордуна айыл өкмөттөрү түзүлгөн жана анын башчылыгына шайлангандар:

  • 1996-2002-ж.ж-  Кожоманбетов Табылды.
  • 2002-2006-ж.ж.- Акунсартов Кудайберген.
  • 2006-2016-ж.ж – Шерманбетов Алмаз.
  • 2016-ж.ж ( убактылуу милдетин аткаруучу) Исраилова Кымбат