Чынжырчадан улам чыңалган ынтымак

Ак-Талаа районунан ЖОЖдорго тапшыруу үчүн Бишкек шаарына келген абитуренттерди “АК-ТАЛАА БИРИМДИГИ” тосуп алды.
«КОШ КЕЛ АБИТУРИЕНТ” доолбору Ак-Талаа коомдук бирикмеси тарабынан экинчи ирээт уюштурулуп жатат.

Быйыл аталган долбоорду «АК-ТАЛАА БИРИМДИГИ» коомдук бирикмесинин алдындагы жаштар канаты тарабынан уюштурулду. Жолугушууда кыргыздын сыймыгы болгон акын Мирлан Самыйкожо агайыбыз омоктуу ойлору жана көкүрөктөн чыккан ырлары менен жаштардын духун көтөрсө, ал эми белгилүү тренер, мотиватор, алып баруучу Максат Надырбеков келип жаштарды билим жолуна аттанууда тартынбоого, шаарда жүргөндө маданияттуулукту көбүрөөк даңазалап үлгү көргөзүүгө чакырды. Ал эми жогорку окуу жайларга талондорду туура таштоону, кесипти туура тандоонун жолдорун, убакытка өтө аяр мамиле кылуу керектигин баса белгилеген Эл аралык Кувейт университетинин окутуучусу, мыкты педагог Кубанычбек Баялиев болду. Ынтымакка үрөн сепкен, студенттер менен мындан ары тыкыз иш алып баруу жолдорун, ошондой эле адам болуш үчүн билимдин кадырын түшүнгөн адамдар менен көбүрөөк мамиле сактоо керектигин кагазга ороп айткан Арслан Байгабылов жана Бекжан Шыгаев отургандарды ордунан козгоду. «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков чыгып жаштарга бал шилекейин чачырата кеңешин айтты.

Жаштар канатын жетектеген Бекбосун Маратбек уулунун, колуна кол, бутуна бут болуп, чогуу ынтымакта, эриш-аркак иш алып барышкан студенттерди көрүп жүрөк жылыбай койбойт. Студенттердин бүгүнкү иш-чарасы тарыхта, ачылган актай барак сымал абитуриенттердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калаарына ишеним чоң. Көчтү татыктуу улай иш алып бара баштаган студенттерге таазим!

Иш-чара Ак-Талаадан келип, Бишкектеги ЖОЖдорду аяктап жаткан студенттердин бүтүрүү кечеси менен уланды. Бүтүрүүчүлөр тууралуу атайын видео ролик даярдалып, өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүштү. Эстафета катары бүтүрүүчүлөр, Ак-Талаа районунан жалпы республикалык тесттен (ОРТ) эң жогору балл алган (200 балдан жогору) абитуриенттерге өздөрүнүн белектерин беришип, жалпы абитуриенттерге ийгиликтерди каалашты. Ал эми ЖОЖдорду ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө «АК-ТАЛАА БИРИМДИГИНИН» атайын даярдалган төш белгилери менен сыйланышты.
Балдарын жашоонун даңгыр жолуна узатып , уядан учуруу үчүн жандап келген ата-энелер биримдиктин жаштарга болгон насаатын, кеңешин угушуп чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Иш-чаранын аягында сөз алып, жаштардын башына казык болуп бере алган бирикменин төрагасы Самат Асаналиев жыйынтыктады.

«Ынтымак бар жерде гана прогресс болоорун, түптөлүп аткан ынтымакка, биримдикке кайдыгер карабай салым кошууга чакырам. Өлкөдө материалдык ресурстар эмес, адамдык, маданий, руханий ресурс болгондо гана өлкө өнүгөт. Кыргызда «Көрүнгөн тоонун ыраагы жок» дейт, аз бирок, дайыма уланып токтобой келе жаткан иш-чаралар районубузду Кыргызстандын алдыңкы райондордун бирине кошооруна ишенимим чоң. Жакшы иштерде жарышалы.» — деди бирикменин төрагасы Самат Асаналиев.