Кара-Бүргөн  айыл аймагы

Кара-Бүргөн айылы

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин аймагы чыгыштан Ак-Чий  жана Үгүт айылдык кеңештеринин, батыштан Конорчок айылдык кеңешинин, түндүктөн Тогуз-Торо, түштүктөн Ат-Башы райондорунун аймактары менен чектешкен.Дениз деңгээлинен 2000 метрден жогорку бийиктикте жайгашып, климаты татаал алыскы калктуу конуштардын катарына кирет.Республиканын борбору Бишкек шаарынан 510, Балыкчы темир жолунан 360, Нарын шаарынан 150,  Баетов айылынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кара-Бүргөн айылы аркылуу Бишкек-Балыкчы-Нарын Казарман негизги авто жолу өтөт.Айыл чарбасына жарактуу жери 33467га, айыл чарбасына жараксыз жери 33853га ,айылдык кеңештин территориясы 118,4 кв.км.  Айдоо жерлер негизинен мөңгүнүн эсебинен гана  сугарылат. Айыл чарба, маданий өсүмдүктөрдөн буудай, арпа, беде, эспарцет, картошка, бир аз жүгөрү өндүрүлөт.Калкы негизинен жергиликтүүлөрдөн турат. Бир улуттуулар. Ички миграция бар. 01.01.2016-жылга карата айылда 448 түтүн 2458  адам жашап турат. Айылда  эмгекке жарактуу калк 85%ти түзөт.Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин территориясында ажайып кооз жайлоолор, тоолор, курорттук аймак болчу корукка алынчу жайлар жайгашкан.Арпа, Кашка-Суу, Ак-Сай, Кулжа-Башат, Жылуу-Суу минералдык суусу, «Бөйрөк» туз кени орун алган. Жайлоолордо жайкысын малчылар  мал багып келишет.   «Жылуу-Суу» келечекте Республикалык маанидеги курорттук, ден соолукту чыңдоочу зонага айланары шексиз. Анын суусунун дарылык касиети кучтүү, көп ооруларга  шыпаа болууда. «Бөйрөк» туз кени бар. Илгери ошол жерден кол менен туз казып келип, элге сатып, аштыкка алмашып оокат кылышкан.Азыркы Кара-Бүргөн айылы 1956-жылдан баштап негизделген. 1958-жылы толук эмес  орто мектеп,  дүкөн, айылдык кеңештин жана колхоздун  конторасы  курулган.Бүгүнкү күндө Кара-Бүргөн айылында 1 орто мектеп, 1 маданият үйү, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 коомдук мончо, 1 бала бакча, 5 тегирмен, 1 байланыш бөлүмчөсү  коммуналдык кызмат көрсөтүүдө.

Мукаш Базаркулов атындагы орто мектеби.

Орто мектептин ( М.Базаркулов атындагы орто мектебинин) имараты 1985-жылы, маданият үйүнүн имараты 1977-жылы, бала бакчанын имараты 1989-жылы курулган. Административдик имараттар 1974-жылы ишке берилген.Туткуй өрөөнүндө ( Кара-Бүргөн айылдык  Кеңешинин аймагы мурда ушундай аталган) жергиликтүү калк уруучулукка  карап Айлама, Дарбаза, Саз, Көк-Көл,Туюк-Суу, Кара-Жар, Орто-Саз, Көк-Колот, Ача-Дөбө, Кара-Бүргөн, Жабыр деген жерлерде   ( азыркы малчылардын кыштоолору) отурукташышкан.1928-жылы «Дарбаза» ТОЗу уюшулуп, аны Бечелов Абдраим жетектеген. Ошол эле учурда жеке дыйкан чарбалары өнүгүп, ага жетекчи болуп Турумов Базаркул иштеген. 1931-жылы «Өзгөрүш»колхозу, 1932-жылы Саз, Кара-Жар, Дарбаза дыйкан бирикмелери кошулуп  «Саз»  колхозу  уюштурулган.

                                       «Өзгөрүш»  колхозун жетектеген инсандар:

1931-1933 жылдары  —    Байкашкаев     Кадыр

1933-1935 жылдары  —    Кенжекулов    Орозакун

1935-1936 жылдары  —    Суранчиев       Мамбетаалы

1936-1937  жылдары —    Кулчаев           Мырзабек

1937-1938  жылдары —    Рахматов         Сөлпү

1938-1939  жылдары  —   Токтомушев    Кадыраалы

1939-1942 жылдары  —    Кулчаев           Мырзабек

1942-1943 жылдары  —    Тиленбаев      Жумагул

1943-1944 жылдары  —    Карагулов      Тыныкул

1944-1945  жылдары —    Чынгышов      Саалы

1945-1949  жылдары-     Кулчаев           Мырзабек

1949-1956  жылдары  —   Шербалиева    Гүлбары.

                                         «Саз»  колхозун жетектеген инсандар:

1932-1934  жылдары  —  Турумов          Базаркул

1934-1936  жылдары  — Байтөроев        Шермат

1936 —          жылы       —  Конокбаев       Мурзакун

1936-1941  жылдары —  Турумов           Базаркул

1941-1948  жылдары —  Бөкүев              Матен, Байсабаев Токтосун

1948-1953  жылдары-   Турумов           Базаркул

1953-1954 жылдары  —  Кудайбердиев  Дүйшөнбай

1954-1956 жылдары  —  Шабданова       Жукелең.

        1956-жылы  «Саз» , «Өзгөрүш»  колхоздору бириктирилип, Жеңиш колхозу болуп уюшулган. Жениш колхозун  жетектеген инсандар:

1956-1959  жылдары  —     Токобаев    Биримкул

1959-1961 жылдары   —     Мааназаров  Ыскак

1961-1966 жылдары   —      Карасартов Эсенгул

1966-1973 жылдары   —     Эдигеев  Кадырбек

1973-1976 жылдары   —     Арыков Кебек

1976-1980 жылдары   —     Кыдыршаев Токтогул

1980-1987 жылдары    —   Оморов Садыбакас

1987 – 1988-жылдары        —    Маметов Капар

1988-1991- жылдары   —   Мотушов  Мамбеткадыр

1991-1993 жылдары   —   Турдукожоев Салымбек

1993-1993-жылы         —    Сарыков Жээнбек

1993-1997- жылдары —    Мааданбеков Жоломан

1997-2001-жылдары    —  Шыгаев Рысбек

2001-2005- жылдары   —  Асанбеков Куланбек

2005-2010-  жылдары  — Жакиев Билимбек

2010-2011- жылдары   —  Соодонбеков Нурбек

2011-2013 — жылдары — Чыныбаев Нурлан

2013-2016 — жылдары — Соодонбеков Нурбек

2016-жылы .(милдетин  аткаруучу)   Матенов Бекзат

2016-жылы Соодонбеков Нурбек.

 

Айылым алтын бешигим

1991-жылы Жеңиш колхозу жоюлуп, анын базасында дыйкан чарба бирикмеси уюшулуп, 1993-жылга чейин иштеген. 1993-жылдан 1998-жылга чейин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи уюшулуп иштеген. 1998-жылдан коомдук менчик жоюлуп, балансадагы мүлктөр толугу менен элге таратылып берилген.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык айылдык кеңештин аткаруучу тескөөчү органы болгон айыл өкмөттөрү түзүлдү жана Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мааданбеков Жоломан дайындалган.

Бул кызматта 1997- жылдан 2001-жылга чейин Шыгаев Рысбек иштеген. 2001-жылдын июнь айынан 2005-жылдын декабрь айына чейин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Асанбеков Куланбек иштеген.

2005-жылдын 18-декабрында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын шайлоонун жыйынтыгында альтернативдик негизде Жакиев Билимбек Дүйшөналиевич шайланган.