Кыргызстан 2019-жылы КМШдагы эң көп китеп окуган окурман өлкө болобуз.

Кыргызстан 2019-жылы КМШдагы эң көп китеп окуган окурман өлкө болобуз.

 Республикалык деңгээлде уюштурулуп жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Тоголок-Молдо айылында ишке ашты. Бул долбоорду “Мекеним Кыргызстан-айылым асыл турагым” деген ураан менен айыл жаштары калкты тейлөө китепканасын жаңыртышты.

Кыргыздар чындап илим-билимде,китеп окууда жакшы иште чоң жарышка түшту. Өлкөбүздө долбоорду ишке ашырган үчүнчү айыл Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылы болду. Шаарлардан таппаган жаңы, мыкты китептерди дал ушул айылдан таба аласыз!Кандай китептер деп кызыксаныз, тарыхый китептерди, кыргыз адабияты, балдар адабияты, публицистикалык, мотивациялык, тил үйрөнүү, дүйнөлүк адабияттар ж.б багыттагы эң зарыл деген китептер алынды.

Бир айда 1600дөн ашык китеп жана компьютер менен айыл китепканасын камсыз кылышты. Бул салтанат чоң майрам менен өттү. Долбоорду чет элдик фонддор,уюмдар же мамлекеттик мекемелер эмес, карапайым эл, жаштар өздөрү ишке ашырды. Демек, келечек өсүп, өнүгүү үчүн өзүбүзгө-өзүбүз инвестиция жасай турган күн келди. Биздин өнүгүүбүз башкаларга керек эмес! Элибиз күтүп суусап турат. Таң заардан эшик такылдатып, китепканага окурмандар келе баштады. Айылда аксакалдардын, жаштардын жалпы журттун кубанычында чек жок.

«Караңгылыкты миң кайталап наалыганча, бир бурчуна шам жак!»

Аталган долбоор:

·        Элибиздин руханий, интеллектуалдык дараметин көтөрүүгө;

·        Өлкөбүздө китеп окууну даңазалоо;

·        Региондордо китепкана жана китеп жетишсиздик көйгөйүн чечүү;

·        Акын жазуучу, котормочулар жана басмаканаларды эл тарабынан колдоо;

·        Билимге өзүбүз жалпы инвестиция жасоого багытталат.

Азыркы тапта долбоор өлкөбүздүн 30дан ашуун айылдарында кызуу жүрүп жатат. Уюштуруу жагын ар бир жердин жаштары ыктыярдуу түрдө колго алышууда.Кыргызстан дүйнөдө китепти эң көп окуган өлкө бололу! Ал эми Тоголок-Молдо айылы Кыргызстандагы эң окурман айыл болобуз деген ыктыярдуу уюштуруучу жаштарыбызды азыркынын баатырлары дебей эмне дейбиз?

Уюштуруучулар:

Токтогулов Бегаалы, Рыскелдиев Чыңгыз, Артыкбаева Айдана, Төлөгөнова Асель ж.б. айыл жаштары.

Өзгөчө колдоо көрсөткөн:Мирлан Самыйкожо

Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн китепкана башчысы Айнура Үркүнчиева:

Азыркы тапта китепканага окуучулар көп келет. Алар китептин мазмунуна эмес, көрүнүшүнө, сүрөттөрүнө көңүл бөлгөн окурмандарыбыз бар. Алар «Китептериңер эски экен, сүрөттөрү начар, жалтырак эмес экен» деп сын айтышат. «Китеп окуш керек», — деген ой кылт этип келсе, жүгүрүп барып бир китеп  аз окуп, ошо бойдон китепканага өткөзгөндү унутуп койгон окурмандарыбыз дагы аз эмес. Улуу муундагы адамдар классикалык чыгармаларды кайталап окугандан тажабаган окурмандар дагы бар. Анткени классикалык чыгарма ак ниеттүүлүккө, абийирдүүлүккө, тууралыкка үйрөтөт эмеспи.

Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн орун басары Боронбаев Санамбай:

-Бул долбоор Тоголок-Молдо айылында гана эмес, республикага керек долбоорлордун бири экен. Бугун мына айылыбыздын жаштары келип, бир жарым айдан бери чогулган китептерди алып келип, өз салымдарын кошушту. Китепканада мурунку эски китептер гана болуп, каралбай калган. Айылда китеп окууга кызыккан жаштарыбыз арбын. Азыркы заманда технелогия, интернет өнүккөн учурда, китепти даңазалоо, прогандалоо өтө жакшы маселе. Жаштарыбыздын билимин, жан дүйнөсүн байытууга, эс тутумун жакшыртууга, жакшы жакка үндөй турган китептерди алып келишти. Эми айыл тургундары, окуучулары келип китеп окуп турганы жакшы нерсе. Эми ар кандай сынактарды, иш-чараларды уюштуруп, автор өзү болбосо дагы, анын китептерин жайылтып даңазалоо керек. Келген китептер окулбай калбайт. Ар кандай интеллектуалдуу оюндарды уюштуруп турабыз.     

10-класстын окуучусу Маликова Күмүшай

Жаны китептердин келиши абдан жакшы нерсе болду. Мурда эле ушул сыяктуу китептер болгондо, мен окууну бүткөнчө көп китеп окуп бүтмөкмүн деп ойлойм. Бирок азыр деле кеч емес. Китепканабызга жаңы китептердин келгенине бир ай болуп калды. Ошол бир айдын ичинде үч китепти окуп бүттүм. Мисалы «Каныбек» романынын 2 томун, « Сынган кылычты” окуп, учурда Ч.Айтматовдун 10 томдук китептерин окуп чыгууну максат койдум.

Спорт ардагери, айыл аксалы Сулайманов Сүйүн:

“Бир адамдан бир китеп” доолборун уюштурган айыл жаштарына рахмат. Эл үчүн аябай чоң иш жасадыңар.  Жамандык көрбөгүлө. Карагылачы айыл элин китеп менен ынтымакка чакырдынар, биз эми китептерди балдарыбызга окуутабыз. Мурун мындай китептер жок эле. Эми китепканабыз жаңырып, кыргыздын мыкты акын жазуучуларынын китептери менен толтурдунар. Силер да билимдүү жаштардан болуп, айылынарга кызмат кылып, аман болгула.

Долбоорго колдоо көрсөткөн акын, журналист Мирлан Самыйкожо:

айсы коом коркунучтуу десе, китеп окуубаган коом коркунучтуу деп айтылат. Китеп- бул сенин түбөлүк сатып кетпей турган жан-шерик досуң. Мына ушундай башатты артынып, айылга китеп чогултуп өз салымдарын кошушкан ини-карындаштарыбызгы ыразычылык билдиребиз.  Анан биз жаштар, айыл элине биз жарык жандыра турган пикетке эмес, китепке чакыра турган жаштардан бололу. Биз ар дайым китепкана үчүн, айылдын маданияты үчүн улуттун эртеңи үчүн кайдыгер карабайбыз.

Даярдаган: Маратбек уулу Бекбосун