Өлкөнү өрнөктүү жаштарга калтыралы! Ак үйгө жана Ата-Бейитке сапар

«ӨЛКӨНҮ ӨРНӨКТҮҮ ЖАШТАРГА КАЛТЫРАЛЫ»
Корооңдон мөмө жемиш үзүп жегиң келсе кеминде беш жыл эрте көчөт отургузуп, ага жума сайын суу куюп, ооруса дары чачып, айтор оңбогондой түйшүктү талап кылат. Ал эми өлкөнүн жүгүн буйдалбай тартып кете турган муун өстүрүш үчүн эмне деген күч керек (?) Бакты чырпык кезинде бутап калбасаң кыйшайып өскөндөн кийин түзөйм десең кыйып ташташ керек болот, болбосо отун кылгандан башка эч нерсеге жарабайт. Анын сыңары жаштарды жаш кезинде, акылы тунук кезинде аларга мекенге болгон сүйүүсүн ачып, адептүүлүккө далалат уруусуна себепчи болуп калуу улуу муундун милдети деп айта алам.

Жыл сайын салтка айланып калган «Ак-Талаалыктар ак үйдө» долбоору (долбоорду негиздеген Кубанычбек Баялиев) быйыл да өз максатына жетти деп ойлойм. Себеби бир жыл мурун 17 айылдан тандалып алынган активист, жакшы окуган, ойлонуусу өзгөчө жаштарды тандап алган элек. 17-октябрь күнү студенттер Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, китепканасына баш багып, сессияга катышышты. Ошондой эле эл өкүлү Алтынбек Жунусалиевич менен суроо-жооп иретинде сүйлөшүү жүрүп, студенттерге пайдалуу кеңештер берилди. Ак үйдөн чыгып 1938-жылы кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн курман болгон залкар аталарыбыз тууралуу тасма көргөзүлдү. Тасмадан толук маалымат алынгандан кийин Ата-Бейит мемориалдык комплексине зыярат кылынды. Эгемендүүлүк, эркиндик үчүн, кыргыз элинин эртеңин ойлоп курман болгон каймактардын кадырын түшүнгөн жаштар көз жаш албай коюшкан жок. Жаш активисттерди уюштурууда «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Асаналиев Самат Асаналиевичке, тарыхты тайсалбай түшүндүрүп, Ата-Бейит тарыхый окуясын чагылдыра сүйлөгөн Русланов Кудайбергенге, дайыма калыс сөзүнөн кайтпаган, студенттерди ташыган Асаналиев Улан агабызга, ушул долбоорду алып барууда алтындай убактысын арнап, бир канча тилде эркин сүйлөгөн Жаңыбаева Аселге, Ак-Талаанын жаштары ынтымакка келүү үчүн алгачкы иш чарасында жалгыз колдоп келген Керимова Адинайга, агасы Бакытка, бир да коомдук иш чарадан калбаган Момунбекова Ай-Данекке, дасыккан сүрөтчү Темирбек уулу Адилетке терең ыраазычылык билдиребиз.

Өлкөнү өрнөктүү жаштарга калтыралы!


Ак үйгө экскурсия кылдырууга жардамын көргөзгөн Адылбеков Нурбакыт инибизге, жаштарды жылуу кабыл алып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин аябаган эл өкүлү Алтынбек Жунусалиевичке да ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик кааламакчыбыз.
Ынтымак эмне экенин, эгемендүү мамлекет үчүн кандай аракеттерди көрүш керек экенин сезген жаштарыбызды көрүп, тоодон тоголоткон таштай эле сезилди. Багытын тапкан, мекенчил, адептүү жаштар өлкөнүн келечеги!

Баардык сүрөттөр