“Максатым өзүмдүн кесибим боюнча эң мыкты адис болуу”.

Аты жөнү: Сүйүнбек уулу Чыңгыз

Тулган жери: Нарын облусу,

Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы

Туулган жылы: 28.06.1996-жылы

Окуган жери: КУУ,

Кесиби: инженер-программист, ITадиси

 

Маалымат технологиясы(IT)-толугу менен маалыматтык жана коммуникациялык технология деп аталат.

«IT, компьютер, программа жазуу, интернет» деген сөздөр баарыбызга тааныш. Ар кандай веб-сайттарды ачып,  учурда Японияда билим алып жаткан аракетчил, билимдүү, жаш ITадиси Сүйүнбек уулу Чыңгыз менен маек курдук.

Саламатсызбы. IT тармагына кантип аралашып, кызыгып калдыңыз?

-Мен мектепте окуп жүргөндө эле информатика сабагынан жакшы окучумун. Айылдан телевизор, телефон, кандай гана техника болбосун бузулуп же иштебей калса бардыгын түбүнө чейин касканга аракет жасап, кызыкчумун. Негизи эле техникага жакын элем. 2014-жылы Кыргыз Улуттук Университинин ЕвразФИТ факультетине инженер-программистерди окуткан бөлүмгө тапшыргам. Үчүнчү курста ЕвразФИТ факультети ФИИТ болуп биригип, жалаң программисттерди даярдаган факультетти бүтүп, инженер-программист деген кесипке ээ болодум. Үчүнчү курсттан баштап КУУнун КЕФ факультетинде IT-лаборант болуп бир жыл иштедим. Экинчи курстан баштап ЦООМОдо жыл сайын өткөрүүчү ЖРТ да (ОРТ) администратор болуп иштечүмүн. Кийин окууну бүтүп жаткан жылы “КЫРГЫЗТЕСТ” мамлекеттик мекемесинекараштуу IT секторуна тест админстратор болуп жумушка кирип, бир айдан кийин  IT секторунун «веб-разработчик» болуп иштегем.

Азыркы  учурда Японияда окуп жатасыз. Окууңуз тууралуу айтып берсеңиз. Японияда кантип окуп калдыңыз?

-Бишкекте жүргөндө эле чет-мамлекетке жиберүү боюнча ар кандай программаларга барып концультация алып турчумун.  Анан окууну бүтөрүм менен чет мамлекетке кетем деген максатым бар болчу. Бир жолу күндөлүгүмө  “2018-жылы жаңы жылга чейин чет мамлекетке чыгып кетем” деп жазыптырмын.  Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, шартка байланыштуу чыга албай калдык. Буйрук экен. “Келечек” программасы жогорку билими бар программисттерге  жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет экен. КУУда менден бир курс өйдө окуган тааныш бала “тапшырып көрбөйлүбү” деп айтып калды. Төрт  ай япон тилинде курс окуп, документтерибизди тапшырдык. Февраль айында Япониянын миграция кызматынан “өттүңөр” деген жооп келди. Азыркы учурда Япониянын  Осака шаарында Эл аралык “Futurity” тил академиясында окуп жатам. Ал жакта эки жыл япон тилин жана маданиятын үйрөнөбүз. Японияга сырттан келген студенттер эки баскычты басып өтүшөт. Жогорку билими бар же жок болсо да тил академиясын окуш керек. Андан соң төрт жылдык жогорку билими барларды “каишаиң” деп коет. Алар ар кандай компаниягаларга жумушка кире алышат. Алардын акчасын да жакшы төлөп беришет. Эгерде “каншайн” болсоң, анда сен Японияда “ийгиликтүү” адам экенсиң. Эгер жогорку билимиң жок болсо, анда колледжке же университетке төрт жылдык бакалаврга тапшырууга туура келет. Ал эми окуу тууралуу айтсам, биздин группада Азиядан келген студенттер көп. Мисалы, Индия, Пакистан, Вьетнам, Кытайдан келген студенттер менен окуйм. Жаңы келгенде тест тапшырып, собеседованиядан өттүк. Себеби тилди канчалык деңгээлде билесиң, ошого жараша группага бөлүштү.  Окуу методикасы аябай жакшы. Өзүнчө отурасың. Жумасына беш жолу сабак, саат 9дан баштап, 12 жарымга чейин окуу болот. Телефондорду сабакка кирээрде чогултуп алат. Кечикмей жок. Бир мүнөт эле кечиксең сага минус. Себеби айдын аягында сабакка катышкан, кечиккен күндөрүңдү, жетишкендиктериңди пайыз менен эсептеп, жыйынтык чыгарат. Эгер баллың 100%га толбой же 90%га жетпей калса өзүң үчүн чоң минус катары эсептелет. Япон өкмөтү студенттер үчүн атайын “ар бир студент жумасына 28 саат гана иштөөгө мүмкүн” деген закон чыгарган экен. Студенттер үчүн атайын убактылуу жумуштар болот эмеспи. Ошол жумуштарда 28 саттан ашык иштей албайсың. Окуудан сырткары бош убакта “Fujitsu” компаниясында убактылуу гана иштеп жатам. Ал жактан телефон чогултуп  иштейм, орусча айтканда “сборка” деп коет. Мисалы жаңы чыгып келген телефондордун бир жери туура эмес орнотулуп калган болсо, аларды чогултуп  оңдойбуз.

Япон тилин үйрөнүү татаал  бекен? Ал жакта гранттык бөлүмдө окуйсузбы?

Япон тили үйрөнүп кеткенге оңой эле экен. Грамматикасы, сөздөрдүн түзүлүшү кыргыз тилине окшош.  Бирок жазууга келгенде өтө оор. Иероглифтери  бар эки транскрипция тамгаларды хирагана жана катагана деп бөлүп коет экен. Ал эми сүйлөмдүн түзүлүшү  кыргыз тилине окшош. Негизи Япониядагы окуу эки жыл. Толугу менен гранттык эмес, контрактык негизде.  Бирок биздин бир жылдык контрагыбызды  «Саат Билим» окутуу борбору “Келечек”  программасынын негизинде  камсыздайт. Бир жылдык окуунун акысын келишимдик негизде «Саат Билим» окуу борбору төлөгөн. Эгерде ал программа менен кетпей, өзүбүз гана кеткенде, анда толугу менен төлөмөкбүз.

 Сизди жаш IT адиси катары тааныйбыз. Ар кандай  веб-сайттарды ачасыз, мисалы aktalaa.com сайты тууралуу айтып берсеңиз.                             

-Негизи сайт ачуу идеясы мурун эле инжененер-праграммисттерди окутуу бөлүмүндө окуп жүргөндө эле келген. Тагыраак айтканда мен биринчи курста  өзүмдүн  айылдыш агаларым айтып калды “Кара-Бүргөндүн сайтын ачыш керек” деп. Көпкө ойлонуп, бышырып жүрдүм. Кара-Бүргөндө 2000-3000 адам бар. Интернет колдонуучулары  көп болсо 500-1000 адам, анын ичинен сайтка киргендери  да аз. Айтор, электен өткөзүп келе берсең өтө эле аз, анан карап көрсөм Ак-Талаа району боюнча деле баарын камтыган комплекстүү сайт жок экен. Карап көрсөк Ак-Талаа районунун  сайты региондордун  арасында  биринчи ачылган сайт.  Жалпы республиканы камтыган сайт ачсамбы деп деп ойлонуп жүргөм. Үчүнчү курста өзүбүздүн университетте иштеп баштадым. Маалыматарды топтоп, ошол эле учурда өзүм да программист тармагына кызыгып, өз алдынча сайт жазаганды үйрөнүп баштагам. Ошентип сайтты жасап баштадым. Иштеп журүп эле бош убакыт таба калып, сайтты алты айдын ичинде бүтүрдүм. Хостинг-домингине акча керек болуп, Ак-Талаа районунун жаштары колдоп берди. Сайттын бир өзгөчөлүгү Голландиянын fozzy.com деген провайтеринен алынгандыктан сайт ылдам иштейт. Былтыр март айында бет ачаарын кылдык. Сайттан  Ак-Талаа району боюнча  бардык тармакта маалыматтарды тапса болот. Мисалы, айылдардагы жаңылыктар, спорт, маданият, билим берүү жана илим тармагы, белгилүү адамдардын өмүр баяны ж.б.

Сайтка маалыматтарды,  жанылыктарды кимдер киргизип турат? Же атайын иштегендер барбы?

Атайын иштегендер деле жок. Сайтты көбүнчө өзүм карайм. Райондогу, анын ичинде 18 айылдагы жакшы жаңылык, маалыматтар болсо эле киргизип турам. Азырынча сайтка кыздар, балдар маалыматтарды жиберип турушат. Мен карап, оңдочусун оңдоп киргизип турам. Буюрса, мындан кийин башка балдар да киргизип турушат.

Ак-Талаанын сайтынан башка дагы кандай сайттарды ачтыңыз жана бир сайт канча сомду түзөт?

Aktalaa.com сайтынан башка “КЫРГЫЗТЕСТ” мамлекеттик мекемесинин сайттын (kyrgyztest.gov.kg) ачып бердик. Андан сырткары балкон жасаган уста байкенин (mirbalkon.kg) сайтын жана бир, эки  кичинекей сайт ачтым. Негизи бир сайт 300$дан жогору жасалат. Мен көбүнчө 300-500$га чейин жасап берем. Жыл сайын өткөрүлгөн  ЖРТ 13,14дөн администратор кылып команда түзүп, атайын  кол менен бөлүштүрчү. Мисалы, бир командага мынча бала, мынча кыз, бешөөнүн тажрыйбасы бар деп. Кол менен бөлүштүргөндө көп убакыт кетип, анан да командада жалаң тажрыйбасы барлар же тажрыйбасы жоктор же болбосо жалаң кыздар бир командага топтолуп калып, кыйынчылык жаратчу. Дал ушул администраторлорду  бөлүштүрүү үчүн атайын “Payton” тилдик колдонмосунун  жардамы менен программа даярдап бердим. Базага администраторлордун аты-жөнүн, мурда иштеди беле же жокпу деп “отметка” кылып белгилеп киргизесиң, мисалы, 60 топко 14төн администратор бөлүнсүн деп тийиштүү команданы басканда бир нече секундда эле ал программа автоматтык турдө тест администраторлорун бөлүштүрүп, Excel форматта чыгарып берет. Программанын жакшы жери  бир тарапка ооп кетпей, тең бөлөт. Дегеним, бир командада беш бала, сегиз кыз, бир лидер, анын ичинде алтоо тажрыйбасы бар администратор деп так бөлүп берет.

Жаш IT адиси катары кандай кеңеш бересиз?

-Негизи программист же ITник болом дегендер университеттен фундаментти түптөп, базалык билимди алып алгандан кийин  өз алдынча иштеш керек.  Мен деле өзүмдү толук кандуу  программистмин деп айтуудан алысмын. Өз алдынча көп арекетенип, ар кандай курстарга барса болот. Мисалы IT-RUN, “For Lemons” деген курстар бар. Бирок баары тең өзүңдөн көз каранды. Өзүң компьютердин алдында көзүңдүн канын төгүп, аябай аракет кылып, төрт,беш саат убакыт бөлсөң анан майнап чыгат. Анан бир нерсе түшүнө баштайсың.

Келечекте кандай план, максаттарыңыз бар?

— Келечекке койгон пландар көп эле. Учурда “JavaScript” программалоо тилине аябай кызыгып жүрөм. Буюрса ошол тилди үйрөнүп, толугу менен Web тармагындагы дассыккан программист катары калыптангым келет. Ал эми келечекте жетиштүү тажрыйба топтогон соң айылдан бүткөн өспүрүмдөрдүн  IT тармагы боюнча өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган ар кандай долбоорлорду ишке ашырсам деген кыялдарым бар. Алдыгы койгон максаттарым өзүмдүн кесибим боюнча эң мыкты адис болуу. Япониядан  жакшы билим алып, убактымды текке кетирбей, болгон күчүмдү пайдаланып, айтор бул жашоодо өзүмдүн ордумду тапсам дейм. Жөн эле жүрө бербей, өзүңдүн айлана-чөйрөңдү жашылдандырып эле өтүп кетпестен, бул дүйнөдө өзүңдөн кийинки муунга өрнөк боло тургудай болуп, максатым аларга көрүнүп кетүү эмес, кудайдын астында, деги эле бул дүйнөдө “эмне иш жасап кеттим? кийинки муунга жакшы бир жол көрсөткүдөй бир арык чаап берип, айтор өзүмдүм эле эмес, коомго пайдамды тийгизсем” деген максатым бар.

Даярдаган: Маратбек уулу Бекбосун

bekbosunartalbekov@gmail.com