Таксист машинасына депутатты салып алып…

«Эл үнүн эл өкүлдөрү угат» деген аталыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары менен элдин жолугушуусу Ак-Таала районун Баетов айылында өттү. Жолугушууга Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Акаев Жанар Кубанычович, Алтынбек Жунус уулу баштаган «элдин» уулдары келишти.

Алгач, Тайлак баатырдын күмбөзүнө куран окуу менен башталды. Андан соң Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахман уулу) өз колу менен салган мечит, медресесине, өзү жашаган үйүнө барышты. Учурда каралбай жок болуу алдында турган тарыхый, маданий мурасты тезинен коргоп калуу керектигин эл өкүлдөрү баса белгилешти. Каржы маселеси чечилбесе депутаттардын эки күндүк айлык маянасын которуп болсо да чечилерин айтышты.

Кийинки болуп, эскилиги жеткен Баетов айылындагы футбол аянтчасын көрүштү. Ошондой эле Баетов айылында ачылган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Эл менен жолугушуу маданият үйүндө бир топко созулуп, элдин көйгөйлөрүнө, ар бир суроолоруна жооп беришти. Кээ бир көйгөйлүү маселелерди жогорку трибунадан көтөрүшөөрүн билдиришти. Рыскелди Чыныбекович тамаша ирээтинде капчык жука болуп кийинки шайлоого катыша албай калаарын айтса, карапайым тургундар бул пикирине каршы чыгышып, кийинки чакырылышка депутат болуп баруусун суранышты. Дегеним, карапайым эл, креслону кызмат аркылуу эмес, кызылдай акчага сатып алып, элди аралабай Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын кереги жок экенин билдиришти.

Жыйынтыгында Алтынбек Жунус уулу 2км жолду асфальттоого убадасын берсе, Рыскелди Чыныбекович эң муктаж болгон соцалдык объекттин курулушунун бүтүп калуусуна салым кошоорун айтты. Ал эми Жанар Кубанычбекович мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборунун штаттык маселелерин чечүүгө көмөктөшөөрүн билдирди. Жыйындын соңунда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Билимбек кызы Калмираны эл өкүлдөрү куттукташты. Депуттаттар каникулдан келгенден кийин Калмираны спикердин ыраазычылык каты жана өздөрүнүн белектери менен сыйлаарын айтышып, атасы экөөнү Жогорку Кеңешке чакырышты. Ошондой эле Момбеков Рыскелди Чыныбекович кийинки бара турган бир мелдешине демөөрчүлүк кылып берээрин айтты. Баса, жыйындан бир таксист жигит Баетов-Кош-Дөбө жолу мышык ыйлаарлык деңгээлде экенин айтып мүмкүн болсо өзү айдаган машинеге түшүп Ак-Чий айылына чейин барып берүүсүн өтүндү. Андай сунушту Алтынбек Жунус уулу четке какпай, ауди үлгүсүндөгү эски машинеге олтуруп, Ак-Чий айылына чейин барды. Бир канча жылдан бери кооптуу аймакта күн кечиришип, катуу жаан жааса айылды жууп кетүү коркунучунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылынын эли менен жолугушту. Бул көйгөйлөрдү тезинен көтөрүү керектигин баса белгилеп, трансформация маселесин чечүүгө аракет кылышаарын айтышты. Акырында элеттин тургундары эл менен эл өкүлдөрүнүн ортосуна көпүрө болуп берген Ак-Талаа биримдиги коомдук бирикмесинин жаштарына, төрагасы Асаналиев Самат Асаналиевичке терең ыраазычылык билдиришти.