Тазалык менден башталат. Фестивалдын эртеси.


19-20-июлда AKMOORFEST фестивалы айтылуу Ак-Талаанын Соң-Көл жайлоосунда бүйүр кызыткан кыргыздын улуттук оюндары жана Ак-Талаанын таланттарынын чыгармаларынын коштоосунда мыкты деңгээлде өттү.
Фестивалды көрүш үчүн эле барбастан, тойдон кийин жайлоону тазалаш үчүн барган Жаштар, «АК-ТАЛАА БИРИМДИГИ» коомдук бирикмесинин демилгеси менен жалпы Ак-Талаанын жаштары «ТАЗА СОҢ-КӨЛ» акциясын 21-июлда Соң-Көлдүн фестиваль өткөн аймагында тазалоо иштерин өткөрүштү.
Атайын шаардан жана айылдан жаштар келишип, айтылышы, угулушу жагынан анчейин болбогону менен бирок, мааниси жагынан эң жогору турган ТАЗЫЛЫК акциясын жүргүзүштү.


Бул акцияга колдоо көрсөткөн ЭкоДеми коомдук фонду, ЭкоПолюс жаштар демилгечилери жана Ак-Талаа администрациясы болду.
Көз жоосун алган кыргыз жеринин кооздугуна кумарланган туристтердин агымы көбөйүп, эл чөнтөгүнө пайда келтирип жатканда, биз, Эл, коом жерибиздин тазалыгына көңүл болбой койуу болбос экенин бирикменин төрагасы Самат Асаналиев баса белгилеп кетти.
Тазалыкты сактоо маданиятыбызды жаштар эмес улуулар көтөрүп беришибиз керек, себеби жаштар уядан эмнени көрсө учканда ошону алат.

Жаштарга баш көз болуп «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Санат Сапарбеков, «АК-ТАЛАА БИРИМДИГИ» коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Асаналиев жана бирикменин мүчөлөрү Арслан Байгабылов, Нурзат Абдыжапар кызы ини-карындаштарына жакшы сөздөрү менен бирге иш чаранын башында туруп беришти.
Ал эле эмес жайлоодо кыргыздын нукура жашоосун сактоо максатында, жигиттерге тиешелүү кой сойуу, устукан тартуу, кыздарга иче карын артуу, тамактын түрлөрүн жасоо боюнча да мастер класстар көрсөтүлдү.
Биз таза Кыргызстан үчүн деген жаштар, буюрса келечекти жакшы нукка бурат.
Жакшы иштерде жарышалы.

Баардык сүрөттөр..