Жаңы-Талап  айыл аймагы.

Айылга кире бериштеги арканы 1978-жылкы байкелер тургузган.

Куртка айылы  Куртка суусунун  боюнда,  Нарын  дарыясынын түндүк жээгинде жайгашкан, бышыкчылыктуу  тарыхый жерлерге, баатырларга, атактуу инсандарга  бай  айыл.

Айыл  чыгышынан Тоголок Молдо  айылы,  батышынан  Ак-Кыя,  Көк-Жар, Тогуз-Торо  району менен,  түштүгүнөн  Ак-Тал, Үгүт айылы, түндүгүнон  Жумгал  району  менен  чектешет. Жаны-Талап айылы  дениз денгээлинен жайгашкан жери  1700м,  тоолору 4600м  бийиктикте жайгашкан.

Райондун  борборунан  45 чакырым,  балыкчы  темир  жолунан  255 чакырым,  республикадан  415 чакырым  алыстыкта жайгашкан.  Айылда 1 мектеп, 1 маданият үйү 1960-жылы курулган.  250 орундуу 2011-жылы Ибраимов Турсубектин аты берилген. Азыркы учурда маданият үйүн  Казаков Доктурбек жетектейт. 1 ФАП,  1 айылдык китепканада жалпы китеп фонду 5415 бар, китепкананы Маданияттын мыкты кызматкери Кулубаева Жумакүл жетектейт. Айылдагы “Бөбөк-Тай” бала бакчасында 75 бала тарбияланып, 18 кызматкер эмгектенип, Мурсалиева Женишкүл жетектейт. 1 мончо,  1 мечит,  пиларома, аптека,  дөңгөлөк  желимдөөчү, май куйуучу  жай ж.б тармактар  элге  кызмат кылууда.  Жаны-Талап  айылында 581 түтүндө 2460 адам жашайт. Айыл  аймагында 8609 чарчы жайыт жери, 1696 чарчы  айдоо аянты, 1 «Жакаш»  үрөөн чарбасы бар Айылдагы  эл  мал  чарбачылык,  дыйканчылык,  жашылча  жемиш  өстүрүү менен  эмгектенет.

Айыл өкмөтүнүн имараты

Айылда  негизинен  чоң  Омолдош, Жаманак, Жон-Арык, Сокучу, Арык-Бала    деген уруулар  жашайт,  коллективдештирүүгө  чейин  Жаны-Талап  аймагында,  малдын  ыгына  карап,   кокту- колоттордо   жашап  келген.  Алгач  1931-жылы  майда  бытыранды  чарбаларды  ирилештирип,  Жаны-Талап,  Тогуз-Булак,  Коммунистчил   колхоздору  уюшулган.  Жаны-Талап  колхозуна  Акуналиев Ниязакун.  Тогуз-Булак  колхозуна  Султанов  Ысмайыл,  Коммунистчил  колхозуна  Тынаев  Токтоназар    1931-1936  жылдын  ичинде башкарма  болуп  шайланып  иштешкен.

1936- жылы  Тогуз-Булак  колхозу   жоюлуп,  Коммунистчил,  Жаңы-Талап  колхоздору  уюшулган.  Бул  колхоздорду   1936-1951-жылдары Дүйшеев  Жумамамбет, Базаров Момунаалы, Ибраимов Турсунбек, Аманов  Тенти,  Борукчиев  Кененсарылар  жетекчилик кылып келген.  Өзгөчө  согуш  жылдарында Дүйшеев  Жумамамбет  чарбаны  өтө  билгичтик менен    башкарып,  элдин  оор турмушун жеңилдетүүгө өзүнүн зор  салымын  кошкон.  Согуш  жылдарында эл ачарчылыкка  учураган,  элге  сулу, арпа, талканын кочуштап бөлүп берип, тез  аранын ичинде ачарчылыктан элдин аман  калуусуна  көп  эмгек  жумшаган.

Атантай жана Тайлак баатырдын күмбөздөрү.

1951-жылы  Жаңы-Талап,  Тогуз-Булак  колхоздору  кошулуп,  «Коммунистчил»   колхозу  уюштурулган. Алгач ирилешкен чарбаны 1951-1953-жылдары Базаров  Момунаалы  башкарма  болуп иштеген.1936- жылы  Тогуз-Булак  колхозу   жоюлуп,  Коммунистчил,  Жаңы-Талап  колхоздору  уюшулган.  Бул  колхоздорду   1936-1951-жылдары Дүйшеев  Жумамамбет, Базаров Момунаалы, Ибраимов Турсунбек, Аманов  Тенти,  Борукчиев  Кененсарылар  жетекчилик кылып келген.  Өзгөчө  согуш  жылдарында Дүйшеев  Жумамамбет  чарбаны  өтө  билгичтик менен    башкарып,  элдин  оор турмушун жеңилдетүүгө өзүнүн зор  салымын  кошкон.  Согуш  жылдарында эл ачарчылыкка  учураган,  элге  сулу, арпа, талканын кочуштап бөлүп берип, тез  аранын ичинде ачарчылыктан элдин аман  калуусуна  көп  эмгек  жумшаган.

Тогуз-Булак айылы 1952-жылы Жаңы-Талап айылына көчүрүлүп келген.

Ш.Бейшеналиев жана Ч.Айтматов

1954-1961-жылдары төмөнкү жолдоштор  «Коммунистчил» колхозун  жетектеген  инсандар:

Үмөталиев  Курткабай,  Мааназаров  Ыскак,  Маамытов  Батыгул,  Молдокматов  Токтогул,  Сейдакматова  Ракыймалар  башкарма  болуп  иштешкен.  Коммунистчил  колхозуна  1961- жылы  Ак-Тал  колхозу,  1983-  жылы  Ак-Кыя колхозу кошулган.  Эки  чарба  бирикмесинде  1961-1969 — жылдары  Шайыков  Айтыш  колхозду  жетектеген.

  1. 1962-1972 жж Рыспаев  Малабек.
  2. 1972-1975 жж Сарыков  Жээнбек.
  3. 1975-1977 жж Исмаилов  Мелис.
  4. 1977-1989 жж Мусаев  Зарылык.
  5. 1989-1990 жж Сулайманов  Мелис.

1990- жылы  Коммунистчил  колхозунан  Ак-Тал,  Ак-Кыя  колхоздору  бөлүнгөн.

Байымбет Абдрахманов (Тоголок Молдо)

1990-1994 жж  Мамытов  Курманбек.

1995-жылдан  баштап  колхоз  жоюлуп,  Куртка  айыл  өкмөтү  болуп  уюшулган.  Айыл  өкмөтүнүн  төрөгалары  болуп  иштегендер:

1994-1997- жж  Барктабасов  Назарбек.

1997-1999 — жж  Капаров  Эмил.

1999-2001- жж  Саткынов  Дайыркул.

2001-2005- жж  Ниязакунов  Махмудказы.

2005-2010 -жж  Бексултанов  Акылбек.

2010- жылдан  бери  Жусупжанов  Улукбек  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  болуп  иштеп  жатат.

Бул айыл кыргыз элине Шүкүрбек Бейшеналиев, Тоголок Молдо сыяктуу залкарларды берген.